Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Түркия Египеттеги кыргызстандыктарды алып чыгууга учак берет


Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Айтмурзаев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Египетте (Мысырда) өз мекенине кайтууну каалаган жарандардын тизмеси такталган соң, аларды Кыргызстанга алып келүү аракети көрүлөт.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 7-февралга карата Каир, Хургад, Таба, Александрия шаарларынан 175 жаран Кыргызстанга кайтуу ниетин билдиришкен. Алардын 37си 1-6 жаштагы балдар. Египеттин баш калаасы Каирде кыргызстандыктарга жардам берүү үчүн атайын штаб ачылып, түз байланыш телефондору иштеп жатат.

Нурлан Айтмурзаевдин белгилешинче, Египетте 254 кыргызстандык атуул бар. Ал эми Кыргызстанга кайтууну каалагандардын 90 пайыздайы - студенттер. Мысырда Кыргызстандын 500дөй жараны бейрасмий түрдө жашайт деген маалыматтар айтылып жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG