Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Эмилбек Каптагаев коомчулукка кайрылуу таратты


Президенттин администрация башчысы Эмилбек Каптагаев прездидент Роза Отунбаеванын жүргүзүп жаткан уюшкан кылмыштуулукка жана бандитизмге каршы күрөшүү саясатын колдой турганын билдирген жана коомчулукту да ошого үндөгөн. Уюшкан топтордун мүчөлөрү жана аларды калкалап жүргөн адамдар укук коргоо органдары менен парламентке чейинки бийлик тепкичтерине аралашып калды. Атүгүл кылмыш топтору муфтийди уурдап кетип, аларды сабап, ошону менен Кыргызстан Мусулмандар диний башкармасын өз көзөмөлүнө алууга кылган аракеттерине биз барыбыз күбө болдук. Бирок биз буга жол берген жокпуз, мындан ары да жол бербейбиз”, - деп жазылат кайрылууда.
Мындан сырткары кайрылууда президенттин коррупциянын тамырын кыркуу аракеттери да колдоого аларлык экени белгиленет.

Коомчулукта Каптагаевдин ажылык сапарын уюштуруунун артынан оңой эмес каражат жыйнаганы, ага баласы кийлигишкени туралуу маалыматтар айтылууда. Жергиликтүү маалымат каражаттары террорист деп шектелип өлтүрүлгөндөрүн бирөөнү Каптагаев кол коюп Ошко жибергени тууралуу жазып чыгышкан. Кайрылууда бул боюнча айтылган эмес. Каптагаев буга чейин “Азаттыкка” берген маегинде ажылык зыяратын уюштурууга катыштыгы жоктугун билдирип, бул маалыматтарды четке каккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG