Кадамжай райондук соту Кыргызстанда кармалган Өзбекстан жарандарын камоого санкция берди. Өзбекстандын эки жараны: Искендер Камбаров менен Жаныбек Насиров Баткен облусунун аталган районунда өткөн аптанын соңунда кармалганын "Азаттыкка" бүгүн райондук милиция бөлүмүнүн башчысы Анарбай Алимбеков тастыктады. Анын айтымында, кармалган эки жарандын ижарага алган үйүнөн тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмуна тиешелүү баракчалар, улут, диндер арасындагы жаңжалды козутууга багытталган жазуулары бар китептер табылган. Аларга карата Кылмыш жаза кодексинин 299-беренеси (улут, расалар жана диндер аралык мамилелерди козутуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Тергөөнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, кармалган эки жаран Кыргызстанга жакында эле келген. Учурда алар райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайында. (КЕ)