Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Ош базарынын тегерегинде иштегендер укуктары бузулганын айтууда


Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Ош базарынын тегерегин тазалоо, күркөлөрдү алуу иштеринин жүрүшүнө байланыштуу аталган базардын айланасында соода-сатык жасап жан баккандар бүгүн коомчулукка кайрылуу жолдоду. Алар эч кандай соттун чечими жок мындай аракеттерди мыйзамсыз деп баалап, өз укуктары одоно бузулуп, тебеленгенин айтышууда. Сатуучулар базарда иштегендердин көбү батирди ижарага алып жашай турганын, эптеп насыя алып тиричилик кылаарын белгилешкен. “Базар эс алуучу жай эмес, базар жакырчылыктын чегинде жашаган элдин бирден бир баш паанеги”, - дешет алар. Мындай кайрылуу жолдонгонун "Азаттыкка" "Акыйкат жолу" коомдук бирикмесинен жолдошту.

Бишкек мэриясынын чечими менен Ош базарынын тегерегинде жалпысынан 157 күркө алынышы керек. Мэрия базардын тегерегин күркөлөрдөн бошотуу менен бирге, базарды тартипке салып, ушул жазда көчөлөрдү оңдоо максатын көздөп жатканын буга чейин жарыялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG