Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Президент кылмыш чөйрөсү күч алганын дагы бир жолу ачыктады


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева Баткен облусуна жасаган иш сапары учурунда облус активи менен жолугушкан учурда билдирди. Мамлекет башчы өлкөдөгү ички саясий кырдаалга кыскача токтолуп, чукул арада чечилүүгө тийиш болгон социалдык-экономикалык маселелерге басым жасады. Ошондой эле кылмыштуулук, коопсуздук маселелерине токтолгон Роза Отунбаева "Кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү айрым региондордо бийликке, өзгөчө жергиликтүү бийликке кирип келишти. Алар азыркы күндө ушунча күч алышты, кырдаалды бузууга, элдерди бирин-бирине тукуруп, чабыштырууга жөндөмдүү десек болот", - деди.

Андан соң президент чек ара маселелрине токтолуп, 2010-жылы чек арада 51 инцидент болгонун, анын ичинде 26сы кыргыз-өзбек чек арасында, 25и кыргыз-тажик чек арасында жана бирөө кыргыз-казак чек арасында катталганын белгиледи.

"Мында өзгөчө коркунуч бар. Бул талаштардын ар бири улуттар аралык чыр-чатакка алып келиши мүмкүн. Андыктан чек араны тактоо жана белгилөө боюнча өкмөттүк комиссияга чек ара маселелерин чечүүнү тездетүү боюнча тапшырма берилген" - деди президент. (КЕ)

XS
SM
MD
LG