Өткөн түндү да президент Хосни Мубарактын бийликтен кетишин талап кылган миңдеген адамдар Каирдеги борбордук Тахрир аянтында өткөрүштү. Каирде, Александрияда жана Суэцте дагы эле коменданттык саат алына элек. Өлкөдө мектептер иштебей турат. Бирок айрым банктар менен дүкөндөр кайра ачылганы кабарланды.
Жекшембиде бийлик оппозиция менен сүйлөшкөн. Бирок оппозиция “өлкөдөгү кырдаалды тыныштырганга бийлик жетиштүү сунуш айтпады” деди. Бийлик болсо конституциялык реформага даяр экенин, бирок Мубарак президенттиктен кетпей турганын айткан эле. Ага кошумча кечээ Египетте өкмөт айлык акыны жана пенсияны 15% көтөрө турганын билдирген.
Кечээ АКШда Ак Үйдүн расмий өкүлү Филип Кроули “Египетте таза, акыйкат шайлоону заматта өткөрө коюу оор болоорун” белгиледи.
"Эгер президент Мубарак бүгүн кызматтан кетсе, азыркы Конституцияга ылайык, президент 60 күндүн ичинде шайланышы керек. Мунун өзү буга чейин, чынын айтканда, таза, ачык шайлоолору менен таанылбаган Египет эки айдын ичинде ага даяр болобу деген суроону жаратат", - деди расмий Вашингтондун өкүлү.