Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Сырттан апкелинүүчү азык-түлүктөрдүн бажы төлөмдөрү убактылуу алынат


Мындай сунушту 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кечээ өкмөт мүчөлөрү менен баалардын көтөрүлүшүн ооздуктоого арналган жыйында айтып кетти. Өкмөт башчынын 1-орун басары ошондой эле ички ресурстарды да жөндүү пайдаланууга көрсөтмө берип, кант кызылчасын сатып алуучу ишканалар менен баа келишимдерин кайра карап чыгууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды. Мындан тышкары мамлекеттик салык кызматы менен каржы полициясына бүгүнтөн тартып азык-түлүк сатуучу ири ишканаларды толук текшерүүгө алууну милдеттендирди. Ал эми өкмөткө сырттан апкелинүүчү эң зарыл азык-түлүктөрдүн бааларын арзандатуу максатында бажы төлөмдөрүн убактылуу алып салуу маселесин кароону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жыл жаңыргандан бери Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы 40-50% кымбаттаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG