Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Египеттен кыргызстандыктар чыгарыла элек


Учурда жарандарды алып чыгуу үчүн Түркия бере турган учактын техникалык маселелери каралып жатат. Бул тууралуу Каирде ачылган штабдын башчысы Абдулазиз Ботбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, штаб Египеттеги кыргызстандыктардын тизмесин каттоону улантууда. “Азыр өз мекенине кайтууну каалагандардын саны өзгөрө элек. Учурда учакты күтүп жатабыз. Буга байланыштуу маселелер чечилери менен калоочуларды Кыргызстанга жөнөтөбүз. Азыр айрым дүкөндөр, банктар ачылып баштады. Тамак-аш жетишсиздиги жок”, - дейт А.Ботбаев. Маалыматка ылайык, ушул убакка чейин 130 жаран консулдуктун тизмесине алынган. Булардан сырткары 175 адам Кыргызстанга кайтуу нитетин билдиртшкен.

Түркия Египеттеги кыргызстандыктарды алып чыгуу үчүн учак берүүгө даяр экенин 7-февралда Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Айтмурзаев маалымат жыйында билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG