Өлкө башчы Роза Отунбаева Баткенге жасаган иш сапарынын алкагында “Өрүкзар” балдар бакчасына барып, шаарда бала бакчалардын санын көбөйтүү маселесине өзгөчө көңүл бурду. “Шаар боюнча болгону эки бала бакча иштеши шаардыктар үчүн өтө аз. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жеке менчиктеги бала бакчаларды ачуу үчүн шарттарды түзүшү керек”, - деди президент. Мындан сырткары мамлекет башчы Баткен чегара отрядында болуп, өздүк курам менен баарлашып, казармаларды, ашкананы, башка инфраструктура объектилерин көрүп чыкты. Ошондой эле мамлекет башчысы Баткен шаарында офицерлер үчүн үйдүн жана штаб имаратынын курулуш планы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Роза Отунбаева Баткенге коопсуздук, коргонуу жана кылмыштуулук маселелелерин талкуулап, облус эли менен жолугушуу үчүн кечээ, 7-февралда барган. (КЕ)
Роза Отунбаева Баткенге коопсуздук, коргонуу жана кылмыштуулук маселелелерин талкуулап, облус эли менен жолугушуу үчүн кечээ, 7-февралда барган. (КЕ)