Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:46

Аскаровдун соту белгисиз мөөнөткө жылды


Жогорку Сот бүгүн соттолуучу Азимжан Аскаровдун адвокатынын өтүнүчүн канааттандырып, сот ишин белгисиз мөөнөткө жылдырды. Өткөн сот жараянында адвокат Нурбек Токтакунов Азимжан Аскаров кармалган жайдын шартын текшерүүнү өтүнүчү менен сотко кайрылган эле. Адвокаттын өтүнүчүндө келтирилген жагдайлар боюнча Жогорку сот Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматына расмий кат менен кайрылат. Иликтөө иштери бүтмөйүнчө, ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Бүгүн Жогорку Сотто укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча көзөмөл арыз каралып, акыркы чечим чыгаары күтүлүп жаткан.

Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамга июнь коогасы учурунда Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө", "башаламандык уюштурууга катышкан" деген айыптар коюлуп, өткөн жылдын сентябрь айында Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду жана 5 кишинин үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.
Аскаров өзүнө коюлган күнөөлөргө макул болбой келет. Укук коргоочулар жана эл аралык байкоочулар буга чейинки сот жараяндары мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG