Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Бишкектин жаңы конуштарында мектеп, бала бакча курулат


Ушул жылы Ала-Тоо жаңы конушуна 1500 орундуу мектеп, Көк-Жар конушуна 260 орундуу бала бакча куруу белгиленип жатканын Бишкектин жаңы шайланган мэри Иса Өмүркулов маалымат жыйында билдирди. Мындан сырткары ал №33 музыкалык мектеп кайра оңдолуп, Тунгуч кичи районуна эмкана салуу пландалып жатканын кошумчалады. Мэр шаарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин бардыгы башкы планга карата жүргүзүлөрүн айтты. “Өткөн жылы 22 жол оңдолгон, быйыл 30дан ашуун жолду оңдоп-түзөөнү максат кылып жатабыз”, - дейт Иса Өмүркулов. (КЕ)

XS
SM
MD
LG