Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

9-февралда мезгил-мезгили менен кар жаайт


Синоптиктер 8-10-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачындын мол жаашынан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда, жолдордо кар көчкү болушу ыктымалдыгын эскертишет. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сунуш кылынат. Айрым жерлерде кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тайгак болууда, ошого байланыштуу унаалардын жүрүшү кыйындайт.

9-февралда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым жерлерде мол жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда 0…-5, күндүз -2…+3 градус, Талас аймагында түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз -3…+2 градус болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5 градус жылуу болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5, күндүз-1…+4 градуска барабар, Нарын облусунда -10…-15, күндүз 0…-5 градус суук болот. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -20…-25, күндүз -3…-8 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3 градус суук, күндүз -1… +1 градуска чейин жылыйт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG