Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

“Эркин Тоо” гезитине жаңы баш редактор дайындалды


Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин бүгүн кол койгон жарлыгына ылайык, Манас Осмонов “Эркин Тоо” гезитине баш редактор болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы “Азаттыкка” тастыктады. Осмоновду гезит жамааты менен өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Кубан Абдымен тааныштырды.

Атамбаевдин дагы бир жарлыгына ылайык аталган гезиттин мурдагы редактору Абдувахаб Мониев кызматынан алынды. Мониевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ага өз ыктыяры менен кызматтан кетүүнү коалициялык өкмөттүн мүчөлөрү сунушташкан. Буга байланыштуу ал 31-январь күнү арызын жазып берген. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Мониев бул кызматка 7-апрелден кийин дайындалган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG