Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Депутаттык комиссия "Мегаком" маселесин карайт


Ишканаларды улутташтыруу боюнча депутаттык комиссия өз отурумунда "Мегаком" байланыш операторунун айланасындагы иш боюнча тараптардын пикирлерин угат. Депутаттарга мамлекеттик мүлк министрлигинин жана каржы полициясынын жетекчилери, "Мегаком" ишканасынын кызматтан четтетилген башчылары менен кызматкерлери маалымат беришет.

Кыргызстандагы ири уюлдук байланыш операторлорунун бири “Мегакомго” ээлик кылган “Альфа телеком” компаниясынын жетекчиси Андрей Силич жана анын орун басары Александр Бороздинге каржы полициясы тарабынан кылмыш иши козголуп, кызматтарынан четтетилишкен.

Апрель окуясынан кийинки улутташтыруу жараяны учурунда “Альфа телеком” ишканасынын 49% акциясы мамлекеттин колуна өткөн. Ал эми негизги көзөмөл акциясына Орусиянын Penwell Business Limited компаниясы ээлик кылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG