Эми балчы-төлгөчүлөр божомолу натуура чыгып калса, айып пулга жыгылат, түрмөгө да отургузулушу ыктымал. Тийиштүү мыйзам долбоору азыр парламентте каралууда. Документте айтылгандай, эми балчылар иштеш үчүн расмий уруксат алышы керек жана өздөрүнүн кардарларына квитанция берүүгө тийиш. Өткөн айда бул жерде Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, мындан ары көзү ачыктар мамлекетке салык төлөөгө милдеттендирилген.