Биринчиси: Ички иштер министрлигинин укуктарын кыскартып, коркутуп-үркүтүүнү, журналисттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана саясатчыларды камоону токтотуу, сөз эркиндигине жана эркин жыйналууга уруксат берүү. Экинчиси: өзгөчө кырдаал мыйзамын алып салуу. Үчүнчүсү: улуттук диалогдун алкагында бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүлөрүн өткөрүп, демократияга өтүүнүн планын иштеп чыгуу. Бул сунуштарды АКШ менен Египеттин вице-президенттери Жо Байден менен Омар Сулейман телефон аркылуу сүйлөшкөндө талкуулашканы кабарланды.
Египетте президент Хосни Мубарактын бийликтен кетишин талап кылган демонстрациялар дале уланууда. Кечээ (8-февралда) Каирдеги борбордук аянтка 250 миңдей киши чогулду. Омар Сулейман болсо бүгүн демонстрацияларды заматта токтотууну, президент Мубарак сентябрга чейин баары бир бийликтен кетпей турганын айтты.