Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Египеттен 121 кыргызстандык кайтып келди


Тышкы иштер министрлигинен "Азаттыкка" тастыкташкандай, Египеттен 121 кыргызстандык бүгүн (9-февралда) түнкү саат төрткө чукул учуп келишти. Кыргызстанга кайтуу ниетин билдирген калган жарандар өз чечимдеринен баш тартышкан. Кечээ (8-февралда) Тышкы иштер министрлигинин Каирдеги штабда түзүлгөн тизмеге ылайык, 160 кыргызстандык жаран Египеттен кетүүгө даяр экенин билдиришкен болчу. Кыргызстан жарандарын алып келүү аракети Түркиянын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте ишке ашты.

Мунун алдында Египеттеги башаламандыктардан кийин 175 адам Кыргызстанга кайтуу ниетин билдиришкен болчу. Алардын 37си 6 жашка чейинки балдар болгону айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG