Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Балкыбеков боюнча Ирландия расмий маалымат бере элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы Тилек Мурзакулов кабарлады. Мурдагы энергетика министри Сапарбек Балкыбековду Кыргызстанга өткөрүп берүү өтүнүчүн Башкы прокуратура 28-январда Ирландияга жөнөткөн.

24.kg маалымат агенттиги Ички иштер министрлигине таянып Ирландия Сапарбек Балкыбековду кайтарып берүүдөн баш тартканы тууралуу маалымат тараткан. Тилек Мурзакулов азырынча аталган өлкө бул боюнча расмий жооп бере электигин билдирүүдө. ИИМдин басма сөз катчысы Рахматулло Ахмедов мындай маалымат аларда жоктугун “Азаттыкка” кабарлады.

Балкыбеков 26-январда Ирландиянын Дублин шаарындагы тууганынын үйүнөн Интерполдун кызматкерлери тарабынан кармалганы кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG