Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Айрым аймактарда кар көчкү болушу мүмкүн


Синоптиктер 9-10-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачындын мол жаашынан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда, автожолдордо кар көчкү болушу ыктымалдыгын эскертет. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунуш кылынат. Айрым жерлерде кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тайгак болууда, ошого байланыштуу автоунаалардын жүрүшү кыйындайт.

10-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт, күндүз дээрлик жаан жаабайт. Айрым жерлерде жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда -3…-8, күндүз 1…6 градус, Талас аймагында түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүз 1…6 градус болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7 градус жылуу болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2…7, күндүз 3…8 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градуска барабар, Нарын облусунда -9…-14, күндүз -4…+1 градус суук болот. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -24…-29, күндүз -6…-11 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт, күндүз жаан жаабайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6 градус суук, күндүз 3… 5 градуска чейин жылыйт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG