Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:33

Пакистанда министрлер кызматтан чегинди


Пакистандык министрлер өкмөттүн чыгымдарды азайтуу планынын алкагында кызматтан кетишти.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, премьер- министр Юсуф Реза Гилани министрлердин үчтөн бир бөлүгүн кыскартуу менен чаканыраак өкмөт куроону мерчемдеп жатат.

Пакистандын ондогон министрлери бар федералдык өкмөтү дүйнөдөгү эң ири өкмөттөрдүн бири катары эсептелчи.

Саясий атаандаштары премьер –министр Гиланиге Пакистан экономикасы кыйналып жаткан шартта министрлердин санын азайтуусу үчүн кысым жасап келишкен.

XS
SM
MD
LG