Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

“Мегаком” боюнча соңку жыйынтык 10-февралда чыгат


Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, улутташтырылган объектерди иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Өмүрбек Абдрахманов “Азаттыкка” кабарлады. Бүгүн (9-февраль) аталган комиссия “Мегаком” маселесин карап, өкмөт өкүлдөрүнүн, аталган ишкананын мурдагы, азыркы жетекчилеринин маалыматтарын укту. Азыркы жетекчилик Кыргызстандын Каржы полициясы негизсиз кылмыш иш козгоп жана азыркы жетекчи мыйзамсыз дайындалды десе, азыркысы мурдагылар чоң өлчөмдөгү каражат алып чыгып кетишкенин белгилешүүдө. Маселени депутаттар жабык эшик артында талкуулашты.

Каржы полициясынын басма сөз кызматынын инспектору Канат Кочобаев “Азаттыкка” “Мегаком” уюлдук байланыш операторунун ээси “Альфа Телеком” жабык акционердик коомуна карата кылмыш иши козголгонун билдирген. Анын айтымында, “Альфа Телекомго” кылмыш кодексинин 183-беренеси боюнча, “мыйзамсыз жол менен табылган каражаттарды легалдаштырган” деген айып тагылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG