Дмитрий Медведев бүгүн Жапония талашып келе жаткан Курил аралдарында кошумча курал-жарак жайгаштырууну буйруду.
Орус президенти бүгүн өлкөнүн коргоо жана аймактык өнүгүү министрлери менен өткөргөн жыйында белгилегендей, “ал жакта кошумча жайгаштырылуучу курал-жарак Орусиянын ажырагыс бөлүгү катары бул аралдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл, жетиштүү жана заманбап болуусу керек”.
Орус президентинин бул сөздөрү Жапония менен талаштагы кайым-айтышуу күчөгөнүн ишара кылып турат. Медведевдин былтыр ноябрда Курил аралдарына барышын жапон өкмөт башчысы Наото Кан Жапония үчүн “кечирилгис кемсинтүү” деп атаган.
Курил аралдарын Москва 1945-жылы совет аскерлери ээлеп алгандан бери көзөмөлдөп келет. Бирок алардын макамы - Токио менен Москванын мамилесиндеги эң олуттуу проблема.