Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Египетте демонстранттар парламент имаратын камалашты


Президент Хосни Мубарактын кызматтан кетишин талап кылып жаткан демонстранттар Каирдин борбордук Тахрир аянтын ээлеп турганына он алтынчы күнгө аяк басты, буга кошумча алар бүгүн парламент имаратынын кире беришин камалашты.

Египет парламентинде Мубарактын Улуттук Демократиялык партиясы үстөмдүк кылат.

Франс Пресс агенттиги имаратты брондуу техника коштогон аскерлер кайтарып турганын, бирок нааразылык акциясы тынч өтүп жатканын кабарлады.

Египеттин вице-президенти Омар Сулейман 8-февралдагы билдирүүсүндө саясий кризис узакка созула албасын, өкмөттө бийликти тынч өткөрүүнүн планы жана графиги бар болгонун белгилеп, “шашылыш” реформалар өлкөнү башаламандыкка алып барарын эскерткен.

Бирок президент Мубарактын кетишин талап кылып жаткан нааразылык акциясынын катышуучулары мындай убадаларга ишенбей, алдыдагы жума күнү дагы бир ири демонстрация өткөрүүгө чакырышууда.

Өлкөнүн эң ири оппозициячыл уюму – “Мусулман агайындар” бүгүн президент Мубарак кызматтан дароо кетиши керек деген талабынан баш тартпасын, бирок бийликтүү ээлеп калуу максаты жоктугун бүгүн кайрадан билдирди.

АКШ Египет өкмөтүн 30 жылдан бери өкүм сүрүп келген өзгөчө абал тартибин жоюуга, журналисттер менен активисттерди куугунтуктоону токтотууга үндөдү.

Өзгөчө абал мыйзамы Египетте 1981-жылы президент Анвар Саадатын өлтүрүлүшүнөн кийин киргизилген. Бул окуя бийликке Мубарактын келишине алып барган эле. Ал эрежеге ылайык полиция кеңири ыйгарым укуктарга, анын ичинде саясий мүнөздөгү жыйындарды чектөөгө укуктуу.

XS
SM
MD
LG