Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Быйыл Кант цемент заводу бюджетке 86,5 млн. сом төлөгөн жок


Мамлекеттик салык кызматынын түндүк башкармалыгын башчысы Замир Мамбеткуловдун маалыматы боюнча буга Казакстан менен чек аранын жабык болгону себеп. Ушундан улам цемент өндүрүшү иштеген эмес. Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, эки жыл мурун Кант цемент-шыйпыр заводу 229 млн. сомдон ашуун салык төккөн, өткөн жылы бул көрсөткүч 142,6 млн. сомго чейин азайган.

Айрым талдоочулар Кант цемент заводу апрель окуясынан кийинки улутташтыруу жараяны башталгандан кийин цемент өндүрүүнү токтотуп койгондугун белгилешет. Бул өз кезегинде цементтин баасына терс таасирин тийгизип, курулуш базарларында 1 тонна цементтин баасы 8-9 миң сомго чейин чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG