Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Бүгүн парламент 2011-жылдын бюджетин талкууга алат


Жогорку Кеңеш бүгүнкү пленардык отурумунда быйылкы мамлекеттик бюджеттин долбоорун 1-окууда карайт. Анда каржы министри Мелис Мамбетжанов, Улуттук банктын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева жана парламенттин каржы жана бюджет комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттарга маалымат беришет.

Жаңы параметрдеги бюджеттин чыгашасы 89 млрд. сом, кирешеси 68 млрд. сом, тартыштыгы 21 млрд. сомду түзөт. Айрым бейөкмөт уюмдар Жогорку Кеңеш депутаттарын бюджетти бул калыбында кабыл алуудан баш тартууга чакырышууда. Бюджет боюнча 9-февралда өткөн парламенттик угууда жарандык коом өкүлдөрү быйылкы бюджетте президенттик, өкмөттүк жана Жогорку Кеңеш аппаратынын чыгымына өтө көп каражат бөлүнүп калганын белгилешип, долбоорду кайра иштеп чыгууга жиберүү зарылдыгын айтып чыгышты.

Республикалык бюджеттин жаңы параметрдеги долбоору 26-январда өкмөт жыйынында жактырылып, парламенттеги бир катар комитеттердин кароосунан өткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG