Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Ардагер милиционерлер азык-түлүк үлүшү үчүн берилчү акчаны талап кылышууда


Ардагер милиционерлердин өкүлү “Азаттыкка” маалымдагандай, 10-февраль күнү алар Кесиптик кошуундар үйүнө чогулуп, жыйын өткөрүшөт. Ардагер милиционерлер өздөрүнө көп жылдардан бери азык-түлүк үлүшү үчүн төлөнүүчү акчанын берилбей келатканына нааразы. Ардагердин белгилегени боюнча “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыздоо” жөнүндөгү мыйзамга ылайык, өкмөт ардагерлерге 1996-жылдын 1-январынан 2010-жылдын 1-январына чейин азык-түлүк үлүшү үчүн акча каражатын төлөп бермек. Бирок бул ушул күнгө чейин ишке ашкан жок. Бул маселе боюнча алардын бир нече жолку өкмөткө жолдонгон кайрылуулары жоопсуз калган. Бул жолу койгон талаптары аткарылбаса, ардагерлер 1-марттан тарта митингге чыгышарын да эскертишкен эле.

Кыргызстанда тартип коргоо жана күч органдарынын 15 миңге чукул ардагери бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG