Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Машыгууда каза тапкан 2 курсант боюнча иш сотто каралууда


Ишти Бишкек шаардык аскер гарнизондук соту кароодо. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев кабарлады.

5-ноябрда ок атуучу куралды колдонууда коопсуздук чаралары сакталбагандыктан Коргоо министрлигинин “Ала-Тоо” окуу борборунда генерал-лейтенат К. Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун 1-курсунун 2 курсанты каза таап, дагы экөө жаракат алган. Курсанттар “Утес” деп аталган пулемётту колдонуу боюнча машыгуудан өтүп жатышкан. Окуя боюнча Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Коргоо министринин буйругу менен аталган институттун бардык жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG