ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:04

2011-жылы орточо айлык акы 8,5 миң сомду түзөт

Бул тууралуу экономиканы жөнгө салуу министри Учкун Ташабев бүгүн парламентте 2011-жылдын бюджет долбоорун кароо учурунда билдирди. Анын айтымында, айлык акыны 2011-2013-жылдары орто эсеп менен 30% көбөйтүү пландалган. Министр ошол эле учурда азык-түлүккө болгон баанын өсүшү уланышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Ушул жылдын бюджетин кароого премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин катышуусу да күтүлүүдө. (КЕ)
​
XS
SM
MD
LG