Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Ош базарында иштегендер мэриянын алдына митингге чыгышты


Ош базарынын тегерегиндеги күркөлөрдүн алынышына нааразы жүздөн ашуун сатуучу бүгүн (10-февралда) Бишкек мэриясынын алдына митингге чыгышты. Алар күркөлөрдү жылдыруу ишин жок дегенде бир жылга токтото турууну талап кылышууда. Мэриянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, митингчилер менен Ленин районунун акими Илья Клименко жолукту. Аким бул маселе каралып, эки тарапка тең ыңгайлуу чечим чыгарын ишендирди.

Бишкек мэриясынын чечими менен Ош базарынын тегерегинде жалпысынан 157 күркө алынышы керек. Мэрия базардын тегерегин күркөлөрдөн бошотуу менен бирге базарды тартипке салып, ушул жазда көчөлөрдү оңдоо максатын көздөп жатканын буга чейин жарыялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG