Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Президент үй-бүлө борборлорун ачуу зарылдыгын айтты


Бүгүн президент Роза Отунбаева Сокулук айылында жайгашкан “Росток” үй-бүлө жана балдар борборунда болду. Мамлекет башчы Борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, педагогикалык жамаат, балдар менен баарлашып, окуу класстары менен таанышып, сабактарына катышты. Президент "балдар менен иштөө боюнча атайын программа иштеп чыгуу зарыл",-деп белгиледи.

Маалыматка ылайык, үч жыл ичинде борбордун кызматкерлери 500дөн ашык үй-бүлөлөрдө болуп, бир нече семинарларды жана ондон ашуун тегерек үстөлдөрдү өткөрүп, ошондой эле тиешелүү методологиялык материалдарды басып чыгарган. Президент мындай борборлорду республиканын бардык аймактарында уюштуруу керектигин белгилеп, ушундай мекемелерди ачуу үчүн социалдык кызматкерлердин региондорго баруусуна көмөктөшүүгө жардам берүүнү убада кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG