Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

“Андаш” кенине байланыштуу маселени депутаттык топ иликтөөдө


Ушул тапта “Андаш” кенинин тегерегиндеги маселени кароо үчүн эки күндүк иш сапары менен депутаттар Жусуп Иманалиев, Райхан Төлөгөнов, Кожобек Рысбаев жана экология илимдеринин кандидаты Кадырбек Бозов Таласта жүрөт.

Өткөн аптада Таластагы “Андаш” кенин иштетүүгө каршы топ Бишкекте нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар “Андашка” берилген лицензиянын жокко чыгарууну талап кылышкан болчу. Айрым жергиликтүү тургундар кен иштетилсе, аймак экологиялык капсалаңга кабылат деп нааразы. Өз кезегинде “Андаш Майнинг Компани” компаниясы кенди иштетүү табиятка запкысын тийгизбесин, кен иштетүүдө уулуу зат - цианид колдонулбасын билдирген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG