Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

ЮСАИД Сокулуктагы мектепти оңдоого 168 миң доллар бөлдү


АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен алынган маалыматка ылайык, бул каражат Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылындагы мектепти оңдоого жумшалат. 168 миң доллар Эл аралык өнүгүү боюнча Америкалык агенттиги (ЮСАИД) аркылуу грант түрүндө берилет.

Бул гранттын аткаруучусу – ЮСАИДдин Өткөөл мезгилдеги демилгелери боюнча программасы. Аталган программа оңдоо иштерин жүргүзүү жана ошол эле мезгилде жергиликтүү тургундарды убактылуу иш менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү курулуш компаниясы менен иш алып барат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG