Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Кыргызстанга казак өкмөт башчысы келери күтүлүүдө


Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев 9-февралда ЭлТР сыналгы каналында курган маеги учурунда билдирген. Казакстандын премьер-министри Карим Масимовдун Кыргызстанга иш сапарынын алкагында эки тараптуу кызматташуунун багыттары талкууланмакчы.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, жакын арада кыргыз-казак инвестициялык фонд түзүлүп, иштей баштайт. Бул боюнча келишим 4-февралда Астанага жасаган иш сапары учурунда макулдашылганы айтылган. Аталган фонд эки тараптуу долбоорлордун ишке ашуусун тездетет.

Атамбаев Казакстанга жасаган иш сапары учуруда бир катар маселелер чечилгенин, ЕврАзЭШтин алкагында 200 млн. доллар жеңилдетилген насыя берүү өтүнүчүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев колдогонун кошумчалаган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG