Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Кыргызстан менен Орусия ортосундагы кызматташтык талкууланды


Бүгүн президент Роза Отунбаева кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссияда Орусия тараптан төрагалык кылган, Федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельяниновду кабыл алды. Мамлекет башчы Орусия Кыргызстандын башкы стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, комиссияда кабыл алынган келишимдерди тез арада ишке ашыруу зарылдыгын айтты.

Өз кезегинде Андрей Бельянинов эки өлкөнүн облустары жана аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү маанилүү экенин белгиледи. Президент менен жолугушууга комиссияда Кыргызстан тараптан төрагалык кылган биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов катышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG