Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:20

Атамбаев: Өкмөт бюджетти аткара албаса кызматтан кетет


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн (10-февралда) Жогорку Кеңеште 2011-жылдын бюджетин караган депутаттарды долбоорду колдоого үндөдү. Премьер-министр менчиктештирүүдөн 4 миллиард долларга жакын киреше алууну пландап жатканын белгиледи.

“Кыргыз Телеком” боюнча Атамбаев баасы чыкса аны сатуу туура деп эсептейт. “Азыр зымсыз байланышуу учуру. Бир аз убакыттан соң зым менен колдонулган телефондор керектен чыгышы мүмкүн. Башталгыч баасы 100 миллион доллардан кем болбош керек”,-дейт ал.

Айрым депутаттар бюджет өтө чоң дефицит менен кабыл алынып жатканын сындашууда. Премьер-министр бюджетти өкмөт аткара албаса кызматтан кете турганын кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG