Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Бишкекте Геннадий Павлюкту эскеришти


Киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюктун өлгөнүнө 405 күн болду. Бул күнгө карата анын жакындары, санаалаштары жана кесиптештери Г.Палюктун эстелигине гүл чамбар коюп, эскеришти. Анда жыл сайын басма сөз күнүнө арнап Павлюк атындагы сыйлыкты уюштуруу демилгеси көтөрүлүп, журналисттер арасында сынак жарыяланмай болду.

Геннадий Павлюк учурунда “Аргументы и факты” гезитинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, “Белый параход” басылмасынын негиздөөчүсү болгон. Ал былтыр 16-декабрда Алматы шаарына барып, ошол эле түнү колу-буту байланган оор абалда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан табылып, көп өтпөй ооруканада эс-учуна келбеген бойдон кайтыш болгон. Маркумдун санаалаштары, ошол кездеги кыргыз оппозициясынын өкүлдөрү муну Павлюктун журналисттик ишмердиги менен байланыштырышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG