Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Усама бен Ладендин ашпозчусунун абактагы мөөнөтү кыскарды


Гуантанамо түрмөсүндөгү 3 кылмышкердин бири, АКШ аскерий соту тарабынан 14 жылга соттолгон Ибрагим Коси эми 2 жыл темир тор артында отуруп, эркиндикке чыгат.

АКШ Коргоо министрлигинин өкүлүнүн айтуусунда, Косинин мөөнөтүнүн кыскарышына соттун атайын чечими негиз болду. Ошол эле учурда бийликтин өкүлү Ибрагим Коси түрмөдөн чыккандан кийин өз мекенине Суданга кете алабы жокпу айткан жок.

Коси Ооганстанда Усама бен Ладендин талаа лагеринде анын жеке ашпозчусу болгон. Кийинчерээк ал жерде колго түшүрүлүп, 2002-жылы Гуантанамого алып келинген.

XS
SM
MD
LG