Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Авиа күйүүчү май сатуучу биргелешкен ишкана марттан тартып ишке киришет


Биргелешкен ишкананы Орусиянын «Газпромнефть-Аэро» жана Кыргызстандын мамлекеттик «Манас» күйүүчү май куюучу ишканасы 25-февралга чейин түзүлүшү керек. Мындай чечимди 10-февраль күнү кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссия өзүнүн 12-отурумунда кабыл алды. КР 1-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабановдун журналисттерге билдиргени боюнча эки өлкөнүн авиа күйүүчү май сата турган биргелешкен ишканасы март айынан тартып ишин баштайт.

Белгилүү болгондой АКШнын Транзиттик жүк ташуу борбору керектөөчү авиакеросиндин жарымын камсыздоону “Манас” күйүүчү май куюучу мамлекеттик ишканасы мойнуна алган. Кыргыз тарап муну Орусиянын “Газпромнефть АЭРО” компаниясы менен чогуу ишке ашырууну көздөөдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG