Балыкчы шаарында 9-февралда кечке жуук жүргөн катуу шамалдын кесепетинен үч мектептин 43 даана, бир оорукананын 26 даана, беш бала бакчанын 59, тогуз турак-жайдын 110 даана шифери жана айнектери жарактан чыкты. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундуна 24-метрден 28-метрге чейин жеткен. Ушул тапта шаардык жарандык коргоо комиссиясы келтирилген зыяндарды тактап жатат. (KKs)