Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Караколдо алгачкы жолу кышкы фестивал өткөрүлөт


12-февралда өтчү бул фестивалдын алкагында концерттик программалар, ар кыл сынактар, жарманкелер өткөрүлүп, шаардагы студент жана окуучулардан түзүлгөн алты команда түрдүү тапшырмалар боюнча күч сынашат. Ысык-Көл мамлекеттик университетинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, фестивал Ысык-Көлдө кышкы туризмди өнүктүрүүнү көздөйт. Анын өзгөчөлүгү фестивалдын акырында кечке жуук муздан жасалган шамдар жагылат. Кышкы фестивал Ысык-Көл облустук администрациясы, Каракол шаардык мэриясы, Ысык-Көл мамлекеттик университети жана JICA уюмунун демилеси менен ишке ашканы турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG