Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:54

Иран Ислам Ыңкылабынын 32 жылдыгын майрамдоодо


Бүгүн (жума күнү) Иранда 1979-жылкы Ислам Ыңкылабынын 32 жылдыгы белгиленүүдө. Президент Махмуд Ахмадинежад Тегерандын “Азади” аянтына чогулган миңдеген адамдар алдында сөз сүйлөп, Жакынкы Чыгыш жакында Израил менен АКШдан эркин болот деди.

Демонстранттар араптардын козголоңун колдогон ураандарды кыйкырып, АКШны жектешүүдө.

Бийлик быйылкы мааракеде Египет элине тилектештик билдирүү менен алардын президент Мубаракка каршы нааразылыгын колдоорун билдирди.
Дүйшөмбү күнү Иран өкмөтү Египет оппозициясын колдогон жүрүш өткөрүүгө уруксат бербей койгон. Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейи Египетте ислам өкмөтүн курууга чакырган.

XS
SM
MD
LG