Египеттин куралдуу күчтөрү президент Мубарактын бийликти өткөрүп берүү мүдөөсүн колдоду. Аскерий Жогорку Кеңеш 11-февралдагы билдирүүсүндө Мубарактын кээ бир бийлик укуктарын вице-президент Омар Сулейманга өткөрүүсүн колдоду. Ошондой эле жыл аягына чейин эркин жана калыс шайлоо өткөрүлөрү маалымдалып, улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган аракеттерге аеосуз чара көрүлөрү эскертилди. Өкмөттүк телеканалдан окулган билдирүү демонстранттарды үй-үйлөрүнө тарап, кадыресе жашоону улантуу чакырылат. Армиянын билдирүүсүнө караганда, коменданттык саат жашоо калыбына түшөр менен токтотулат.