Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамараимов “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык ушул жылдын 17-апрелинде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын 13 айылдык округунда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өткөрүлмөкчү. Аталган облустардагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо планы президент Роза Отунбаеванын кечээки жарлыгынын негизинде ишке ашууда. (KKs)