Иранда Ислам Ыңкылабынын 32 жылдыгы белгиленүүдө. Президент Махмуд Ахмадинежад Тегерандын “Азади” аянтына чогулган миңдеген адамдар алдында сүйлөгөн сөзүндө Жакынкы Чыгыш жакында Израил менен АКШдан эркин болот деп, Египеттеги толкундоолорду колдоду:
- Силерде эркин болуу укугуңар бар. Силерде эгемендүү өлкө укугуңар бар. Силер өз эркиңерди, ички жана тышкы иштерге карата өз көз карашыңырды билдергенге акылуусуңар. Силер өзүңөр каалагандай өкмөттү жана бийликти тандап алганга акылуусуңар.
1979-жылкы ыңкылап АКШ колдогон шахтын режимин ала салдырган. Дүйшөмбү күнү Иран өкмөтү Египет оппозициясын колдогон жүрүш өткөрүүгө уруксат бербей койгон.
Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейи Египетте ислам өкмөтүн курууга чакырган болчу.