Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Жол тазалаган унаанын айдоочусу мерт болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адиси Абдышарип Бекилов билдирди. Окуя кечээ кечки саат жетилер чамасында болгон. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-чакырымында Чоң-Ашуу ашуусунда кар тазалап жаткан Т-170 бульдозер кулап кеткен. Бүгүн окуя болгон жерге таңга маал Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Каракол шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жөнөп кетишти. 9-февралдан бери Каракол-Эңилчек жолунун эки жерине кар көчкү түшкөн. Аталган унаа жолдун 80-чакырымындагы кар көчкүнүн көлөмү 750 метр куб, 84-чакырымына түшкөн кар 480 метр куб деп болжолдонууда. Тазалоо иштери уланууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG