Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:24

Кеминде катуу шамал чатырларды учурду


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, шамал 11-февралда Кемин шаарчасында жана Кызыл Октябрь айылында күндүз саат 11ден 20 мүнөт өткөндө башталган. Анын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, шамалдын кесепетинен эки мектептин, почта түйүнүнүн, маданият үйүнүн, мамлекеттик каттоо, каржы мекемелеринин жана төрт турак үйдүн чатыры жараксыз болуп калды. Учурда 111 шифер сынгандыгы аныкталды. Райондук жарандык коргоо комиссиясы келтирилген чыгымды тактоо иштерин улантууда.
Балыкчы шаарында 9-февралда кечке жуук жүргөн катуу шамал чатырларды учурган. Анда шамалдын ылдамдыгы секундасына 24 метрден 28 метрге чейин жеткен. (AzK)

XS
SM
MD
LG