Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Кыргыздын алгачкы алиппесине жүз жыл толду


Кыргыз-казак балдарына арналган "Алифба йаки төте окуу" аттуу окуу китепти атактуу кыргыз агартуучусу Эшенаалы Арабай уулу Уфада окуп жүргөн кезинде казак студенти Хафис Сарсекеев менен биргеликте даярдаган. Китеп 1911-жылы 15-февралда “Шарк” басмаканасынан кыргыз-казак тилинде араб жазмасында жарык көргөн.
Элүү эки беттен турган китепке жетимиш төрт дарс киргизилген. Анда кыргыз менен казактын эски төл сөздөрү пайдаланылган.
Бул китеп араб жазмасын өздөштүрүүнү жеңилдеткен "жадид усулунун" алкагында даярдалган.
Китептин мазумунун дидактикалык материалдар жана Толстойдун, Ушинскийдин, Крыловдун балдар үчүн жазылган чыгармаларынын үзүндүлөрү түзөт. Алиппенин түп нускасы азыр Бишкекте Улуттук китепканада сакталып турат.

Китептин жүз жылдыгына байланыштуу 15-февралда Улуттук китепканада китеп көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Анда кыргыз алиппеси жөнүндөгү маалыматтар, алиппе майрамдарын өткөрүү боюнча усулдук (методикалык) материалдар орун алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашева билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG