Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:30

Араб чөлкөмү Мубарактын кетишин жакшы маанайда кабыл алды


Жакынкы Чыгышта бул кабар негизинен жылуу маанайды жаратты. Тунис менен Палестинада Мубарактын кетиши шаңдуу белгиленди. Ливанда "Хезболла" тобу Египет калкын "улуу жеңиши" менен куттуктады.

Израил болсо Египеттеги бийлик алмашуудан кийин расмий Каир менен тынчтык келишими күчүндө калат деген ишенимин билдирди.

Мубарактын кетиши араб дүйнөсүндө ыңкылапчыл маанайды да жаратууда. Бахрейиндеги оппозициялык топтор элди 14-февралда көчөгө нааразылыкка чыгууга үндөөдө. Кувейттин мамлекеттик маалымат агенттиги өлкө бийлиги жума намаздан кийин ар кандай топтошуу, чогулуу, жүрүштөргө тыюу салганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG