Аксы райондук ички иштер бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришкендей, аларга Аксы районунун борбору Кербен шаарында "Бишкектен келген жаран жасалма акча таратып жүрөт" деген малымат түшкөн. Оперативдүү иш-чаранын негизинде шектүү делген жаран кармалган учурда анын чөнтөгүнөн 14 даана бир номердеги 500 сомдук акча чыккан. Ал акчаны таркатууга жетишпей калган. Ушул тапта кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. (AzK)