Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Египет: аскердик бийлик демократиялык кадамдарга убада берди


Египеттин (Мысырдын) аскердик бийлиги бардык эл аралык келишимдерди аткаруу, анын ичинде Израил менен тынчтык келишимин бузбоо ниетин билдирди

Мурдагы президент Хосни Мубарактан бийликти өткөрүп алган өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Жогорку кеңеши өкмөттүн мурдагы курамы жаңы администрация түзүлүп, жарандык бийликке өткүчө иштей берет деп билдирди.

Өткөөл администрация «шайлоону дайындайт. Шайлоодон кийин бийликке жарандык өкмөт келип эркин, демократиялык Египетти курууну өз колуна алат», деп айтылды сыналгы аркылуу билдирүүдө. Ошол эле учурда өткөөл өкмөт канча мөөнөт бийликте тураары азырынча айтылган жок.

Ишембиде Каирдин "Тахрир" ("Эркиндик") аянтын тазалоо иштери башталды. Аскерлерге атуулдар дагы кол кабыш кылууда. Борбордук "Тахрир" аянты 18 күн нааразылыктын бешиги болуп, нааразылык чаралары 30 жылдан ашуун бийликте турган мурдагы президент Хосни Мубарактын бийликтен кетиши менен аяктады.

XS
SM
MD
LG